Бишкекте №72 мектептеги окуучунун өлүмү боюнча кармалган шектүү 2 айга камалды

Бишкектеги №72-мектептин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаевдин өлүмү боюнча кармалган 9-класстын окуучусу Т.И. Свердлов райондук сотунун чечими менен 2 айга камалды.

Шектүү тергөө аяктаганча, 11-апрелге чейин камакта калтырылды. Ал «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси боюнча кармалган.

Каза болгон окуучунун ата-энеси SEREPTV телеканалына маек беришкен.

№72 мектептеги окуя. "Балабыз рэкетчиликтен каза тапты"