Бишкекте 1 жаштагы наристени сабаган делген бала багуучу милицияга жеткирилди

Буга чейин соцтармактарга 1 жаш 2 айлык наристенин апасы адилеттикти талап кылып, жазадан кутулууну каалаган жаранга чара көрүүнү суранган пост жарыялаган эле.

Анын айтымында, ал наристесин карап турууга бала багуучуну интернеттен тапкан. «Мен баланы биринчи күндөрү ага ижарага батир алайын деп таштап кеткем. Күнү-түнү иштей баштадым, бир күнгө таштоого туура келди. Январь айында мен COVID-19 жуктуруп, 20 күн дарыландым. Бала багууга акча төлөй албадым, ошол үчүн баламды сабап салыптыр. Биз азыр ооруканада жатабыз. Баламдын денесинде көгөргөн, сыйрылган жерлери бар, баса албай, арыктап кеткен. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылгам. Алгач ал бала унаадан кулап кеткенин айтса, эртеси ал манежден кулап кеткенин айтат. Эми ал жоопкерчиликтен качып жатат», — деп жазды ал. 

Ал эми окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден учурда бала багуучу тергөөчүлөр тарабынан суралып жатканын билдиришти.