Бишкекте 1 жылдан бери аялын сабап келген шектүү кармалды (видео)

Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте аялына системалдуу түрдө физикалык зомбулук көрсөткөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

6-февралда милицияга жаран арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган. Себеби бир жылдан бери системалдуу түрдө физикалык зомбулук көрсөтүп келген. Тактап айтканда, 2023-жылдын август айында Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, 1972-жылы туулган жаранды кармады. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жеринен 2 ок атуучу курал, 2 магазин, 5 гильза табылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.