Бишкекте биринчи кар жааган күнү 3 автобус жол кырсыгына кабылды

Бишкекте биринчи кар жааган күнү, 9-декабрда автобустардын катышуусунда үч жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу журналисттерге мэриянын Транспорт боюнча департаментинин директору Улан Уезбаев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыкка жеңил унаанын айдоочулары күнөөлүү.

Биринчи жол кырсык саат 8:30да №38 автобус Ворошилов көчөсү менен бара жаткан учурда болгон. Анда автобус менен Хонда Степ кагышкан. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок. Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон.

Экинчи кырсык саат 9:20да №6 автобус Достоевский көчөсү менен бара жаткан учурда болгон. Каршы тилкеде бара жаткан Лексус 460 үлгүсүндөгү жол тандабас аны сүзгөн. Жол тандабас тайгаланып кетип, автобус менен сүзүшкөн. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок. Жол тандабастын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон.

Үчүнчү жол кырсыгы саат 12:50дө №50 автобус Наманган көчөсү менен бара жаткан учурда болгон. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, автобустун капталын сүзгөн. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок. Мерседес унаасынын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон.