Бишкекте 1 миллион долларлык прекурсор табылды

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кылмыштуу топтун ишин ачыкка чыгарды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүлөр борбор калаада күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн өндүрүү жана сатуу менен алектенген.

«Бул зат кооптуу жана баңгизаттардын оор түрлөрүн өндүрүү үчүн негизги прекурсор болуп саналат.
Сотко чейинки өндүрүш жана тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1976-жылы туулган жаран иштеген жерден героин жасоо, өндүрүү, кайра иштетүүдө колдонуучу зат алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 520 килограмм күкүрт кислотасы алынды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 520 килограмм күкүрт кислотасынан 1,5 тонна героин баңги каражаты өндүрүлөт. Бул 750 миң максималдуу дозага татыйт. Акчалай эсептегенде 1 миллион доллардан ашат.