Бишкекте 10 сойкуканадан 70 кыз аныкталды. Арасында студенттер да бар

Интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде 10 сойкукананын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган.

Сойкуканаларда администраторлор иштеп, алар иштеген убактынын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды. Ал эми тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.