Бишкекте 100 миң сом турган iPhone 14 телефонун уурдаганга шектүү чөнтөкчү кармалды

7-апрель күнү милицияга К.Ж. аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

Анда 6-апрель күнү белгисиз адам Манас проспектисинде жайгашкан дарыкананын биринен арыздануучунун чөнтөгүнөн баасы 100 миң сом турган «iPhone 14» маркасындагы уюлдук телефонун уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган Н.А. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилип, ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.