Бишкекте 12-кабаттан Индиянын жараны кулап түштү

Бишкекте 12-кабаттан Индиянын жараны кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк жаран бүгүн, 14-январда түшкү убакытта өз жашаган батир үйдөн боюн таштап жиберген. Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барышууда. Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат бериле элек.

Кулаган адам жарым жылаңач абалда табылган.