Бишкекте 13 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Абалы оор

Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жашы жете элек баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн саат 11:00 чамасында Чүй проспектисинде катталган. Жабырлануучу 13 жашта. Ал ар кандай жаракаттар менен Бишкек шаардык илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Баланын абалы оор деп бааланууда. Унаа унаа токтотуучу жайга токтотулган, кырсыктын себеби такталууда.