Бишкекте 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте 13 жаштагы кызды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

26-февралда Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу Хендай Портер унаасын башкарып бара жатып, жөө өтмөктөн 13 жаштагы кызды сүзүп, изин жашырып кеткен. 

Шектүү катары 1992-жылы туулган айдоочу кармалып, унаа айып короого киргизилди. Учурда бардык тийиштүү жумуштар жүрүп жатат.