Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 13 жаштагы кыздын үй-бүлөсүн күнү-түнү кайтарууга тийиш. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.
Буга чейин жабырлануучунун адвокаттары кызды жана анын үй-бүлөсүн коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Судья жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды. «Соттун токтомуна ылайык, алар 24 саат бою кайтарууга алынышы керек», — деди жактоочу.