Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Милиция интернетке тараган сүрөттөр боюнча билдирүү жасады

Социалдык тармактарда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген милиция кызматкерлеринин сүрөтү жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек ШИИБ кимдир-бирөөнүн жеке жашоосу тууралуу купуя маалыматты мыйзамсыз чогултуп, сактап, пайдаланып же тараткан адамга Жазык кодесинин 190-беренеси менен кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдиришти.

190-берене. Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу

  1. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын жеке турмушу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз чогултуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу — кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
  1. Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу — бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.