Бишкекте 14 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

20-декабрда саат 07:30 чамасында Ауэзов менен Казан-Булак көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2007-жылы туулган өспүрүм ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Бишкек ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Тoyota Prius үлгүсүндөгү унаанын 1992-жылы туулган айдоочусун аныктап, андан ары чара көрүү үчүн Тергөө кызматына жеткиришкен.