Бишкекте 15 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызды үч өспүрүм зордуктаган

Бишкекте 15 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызды үч өспүрүм зордуктаган. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкадыров СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 2020-жылдын сентябрь айында болгон.

15 жаштагы кыз дүлөйлөрдүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында окуйт.

“Кызды дагы бир дүлөйлөрдүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында окуган 17 (экөө) жана 18 жаштагы үч бала зордуктаган. Бул окуя кыздын үйүндө апасы жумушта жүргөндө болгон. Балдардын тарбиячысында балдардын кызды коркутуп жаткан видеосу бар. Алар кызды бул жөнүндө эч кимге айтпа, болбосо «сага жана сенин апаңа зыян келтиребиз»,- деп коркутушкан”,— деди ал.

Адвокат кыздын апасы 2020-жылдын ноябрь айында укук коргоо органдарына кайрылгандыгын баса белгиледи.

«Бирок ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок»,— деди адвокат.