Бишкекте 16 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап, жан берди

Кечээ, 9-январда саат 08:41 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 12-кабатынан жаш кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып 2007-жылы туулган кыздын кулап, көз жумганын аныкташкан. 

Аталган факты каттоого алынган. Тергөө уланууда.