Бишкекте 16 жаштагы өспүрүмгө тапанча такап, карактоого шектүүлөр кармалды

Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-октябрда милицияга жаран кайрылып, 3 жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 20:40 чамасында тапанчаны 2007-жылы туулган уулуна такап, анын телефонун тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөр Ысык-Көлдөн кармалган. Алардын 2003-жылы туулган 3 жигит экени аныкталып, кармалды. Аларды тинтүү учурунда телефон алынып, ээсине өткөрүлгөн.