Бишкекте 16 миң доллар акчаны алдап алып, из жашырган аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип аял  кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Шектүү 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын февраль айына чейин борбор калаанын жашоочусунан бизнеске акча салам деп 16 миң  долларын алып, из жашырып кеткен. Жабырлануучу былтыркы жылдын ноябрь айында милицияга кайрылган. Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаран кармалып, эки айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Тергөөдө кармалган жарандын ушул өңдүү дагы бир катар тиешеси бар экендиги аныкталган.