Бишкекте өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

4-ноябрда саат 08:30 чамасында айдоочу унаасы менен Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Kia Sportage үлгүсүндөгү авто унаасынын 1967-жылы туулган айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткиришти.