Бишкекте 18 жаштагы кыз 5-кабаттан кулады

иллюстрация

Бишкектеги Исаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы балкондон 18 жаштагы кыз кулады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2003-жылы туулган кыз 1-кабаттагы чатырга кулаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кызды чатырдан түшүрүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Кыздын абалы канааттандырарлык.