Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн делген жаран кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

9-январда саат 07:10 чамасында айдоочу белгисиз жаран Жибек-Жолу проспектиси менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.