Бишкекте жаш кызды сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочуну аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

7-ноябрда саат 07:30 чамасында айдоочу унаасы менен Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, 198-үйдүн тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасынын 1980-жылы туулган аял айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жеткиришти.