Бишкек шаарында жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 19:04тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт Свердлов районунун Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан. Имараттын 1-кабатында дүкөн, ал эми 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Өрт имараттын чатырын жана 2-кабатын каптаган.