Бишкекте 2 кабаттуу үй өрттөнүп кетти (видео)

Борбор калаанын Ленин районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үй толк өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
— Өрттү өчүрүүгө саат 04:40та жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.