Түштүк магистралда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден жеңил унаа 2 өспүрүмдү сүзүп кетти. Окуянын видеосун Акипресс жарыялады.
Патрулдук милиция окуя 22-февралда Бишкектин 10-кичи районунун аймагында болгонун билдирди. Жабырлануучулар 12 жана 15 жашта, алар ооруканада. Тойота Приус унаасын 59 жаштагы адам башкарып бара жаткан. Тергөө иштери жүрүп жатат, унаа айып короого киргизилген.