Бишкекте 20 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды. Ал баңгизат сакталган жерлерди да көрсөтүп берген

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

4-мартта «Притон-Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаралардын алкагында Матыев көчөсүндө белгисиз адам өзүнүн жүрүм-туруму менен милиция кызматкеринин көңүлүн бурган.

Ыкчам кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган жаран кармалып, ал өз ыктыяры менен белгисиз зат кошулган кара термосту берип, тиешелүү экспертиза дайындалды. Корутундуга ылайык, изилдөөгө берилген зат «Параметилэфедрон» психотроптук заты болуп, анын жалпы салмагы 1,5 граммды түзгөн. Андан ары шектүү баңги затынын жалпы салмагы 45,33 граммды түзгөн сактоочу жайларды көрсөткөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. 2004-жылы туулган жаран кылмышка шектелип,  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.