Бишкекте 20 жаштагы жигит үйгө уурулукка кирүүгө шектелип жатат

Бишкекте уурулукка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июлда милицияга аял киши кайрылып, Арча-Бешиктеги үйүнөн эки телефонун уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган. Чыгым 45 миң сомду түзгөн. Кылмышка шектелип, 20 жаштагы жигит кармалган. Тергөө уланууда.

Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.