Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кеткен

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 4-май күнү саат 14:00 чамасында Манас менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон. Тергөө-ыкчам тобу жана Биринчи Май РИИБдин жетекчилиги жеринде иш алып барган. Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган кыз терезеден кулап кеткен. Ал Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.