Бишкекте 20 жаштагы кызды никеге турууга мажбурлаган деген жаран кармалды

Милиция тарабынан кызды мажбурлап никеге тургузууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

7-сентябрда милицияга 2002-жылы туулган кыз кайрылып, июнь айынан бери никеге турууга мажбурлап жаткан жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында 1996-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.