Бишкекте 20 жыл мурда аялды 200 сомго тоноп кетишкен. Сот өкүм чыгарды

«Биринчи Май райондук сотунда 22 жыл мурун жасалган каракчылык боюнча соттук отурум өттү. Чечим Жогорку соттун сайтында жарыяланды» деп жазат Кактус.

Олжобайга 2000-жылдын июнь айында Назгүлгө карата жасалган тоноо фактысы боюнча айып тагылган, аялга 200 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Сот отурумунда прокурор адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотууну суранды. Айыпталуучу прокурордун өтүнүчүн толугу менен колдоп, кылган ишине өкүнөрүн, мындан ары мыйзам бузбоого милдеттендирерин кошумчалаган.

Сот мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандыруу чечимин чыгарып, кылмыш ишин кыскартты.