Бишкекте 21 жаштагы жигиттин асынган абалда табылышы. Эжеси иниси тууралуу айтып берди

Бүгүн, 3-сентябрда Биринчи Май райондук милициясы маалымат таратып, Бишкекте өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектүүлөр кармалганын билдирди. 

Маалыматка караганда, 30-августта саат 14:21 чамасында милицияга Панфилов көчөсүндө жайгашкан жатакананын жуунуучу бөлмөсүндө 2003-жылы туулган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган 2 шектүү кармалып, камакка алынган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун бир тууган эжеси Сайкал Айманбаева менен байланышканыбызда, инисинен телефон аксессуарларын саткан дүкөндүн администраторлору жер төлөдө кармап, 100 миң сом талап кылып, коркутушканын айтып берди. «Иним 2-4 айдан бери Бишкектеги телефон аксессуарларын саткан дүкөндө иштеп жаткан. Кассадан 5 миң сом алып, администраторго айлыгынан кармап калышын айткан экен. Бирок администратор инимди «кол койгон эмгек келишимде алган акчаны 10 эсе көп кылып кайрып бересиң деп жазылган» деп акча талап кылыптыр. Башында 100 миң талап кылып, кийин 50 миңге түшкөн экен. Ал арада инимди акчаны кайтар деп 15:00дөн 21:00гө чейин жер төлөдө кармашкан экен. 25 миң 500 сомун таап бергенден кийин калган акчаны эртеси күнү саат 14:00гө чейин бериши керектигин айтышкан. Эртеси, 30-августта саат 14:00 чамаларында асынган абалда табылды. Иним байкебиз менен жатакана тибиндеги үйдө жашачу. Ошол байкеме «кечириңиз» деген СМС баргандан кийин байкем жумушунан үйгө чуркап келсе, жуунуучу бөлмөдө экен. Башында жуунуп жатат го деп ойлоптур. Сактаганга жетишпей калдык. Мен жансыз денесин көрө алган жокмун. Иним мага ошол күнү эле саат 12лерде жазып, үйгө барарын айткан. 

Ата-энем иним 3 жашында, мен 8 жашымда каза болуп калышкан. Азыр шектүүлөрдүн ата-энелери бизди баккан эжем менен жездеме барып, тосмо арыз сурап жатышыптыр. Мен жазбайм», — деди ал.

Бир тууганы жогоруда айтылган келишимдин электрондук вариантын көргөнүн, бирок анда аты-жөнү жок, мөөр басылбаганын айтты. «Мен акча талап кылып жатышат дегенде барайын деп дарек сурагам, бирок бербей койгон», — деди эжеси.