Бишкекте 21 жаштагы кыз менен жигит сойкукана уюштуруп, кыздардын акчасын алып турган

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшкөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

15-февраль күнү саат 2:30 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Ашкабад көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Чакыруу болгон жерге Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын Биринчи Май администрациялык району боюнча адистери барышып, окуя болгон жерге барганда кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө кыздардын айтымында жигит менен кыз сойкулук жасаганга шарт түзгөн жана андан келип түшкөн акча каражатынын өзүнө алып тургандыгын билдиришкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган С.С. жана 2003-жылы туулган М.Ы. кармалган. Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.