Бишкекте 22 жаштагы жаран 6 килограмм мефедрон менен кармалды

Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 килограммдан ашык мефедрон менен кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 2001-жылы туулган жаранга таандык Субару Форестер үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүшкөн. Анда унаадагы жашыруун жайдан салмагы 6 килограмм 111 граммды түзгөн 24 даана таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында, жогоруда алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган жаран эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан. Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда шектүү катары кармалган жаран менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн.