Бишкекте 22 жаштагы жигит жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон делип жатат

Бишкекте 22 жаштагы жигит жашы жете элек кыз менен жыныстык канташка барган делүүдө. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен жаран кайрылып, 9-июнда Дэн Сяопин көчөсүндөгү мейманканада кызын алдап, аны менен жыныстык катнашта болгон жигитке чара көрүүнү суранган.

«Жабырлануучу кыз 15 жашта. Бул факт реестрге катталып, Жазык кодексинин «он алты жашка толо элек адам менен сексуалдык аракеттер» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жигиттин өздүгү аныкталды, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.