Кечээ, 29-июнда Red Centre соода борборунун жанында жаранга бычак сайылган. Милиция уруштун айынан 2000-жылы туулган жигитке бычак сайылганын аныктаган. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан.
Бүгүн, 30-июнда Свердлов РИИБден кылмыш жасаган делген жарандар милиция тарабынан аныкталганын, бирок алар РИИБге өзүлөрү барып, көрсөтмө бергенин билдиришти. Териштирүү уланууда.