Бишкекте 22 жаштагы келин төрөттөн каза болгон

Март айынын аягында Бишкектеги Неомед клиникасында 22 жаштагы келин төрөттөн каза болгон. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттерге тастыктады.

Ал каттоого туруп, кош бойлуулугунун 38 жумасында Неомед клиникасына түшкөн. «Төрөгөндөн кийин кан кетип, кесепетинен каза болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, укук коргоо органдарында бардык материалдар бар», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Раиса Асылбашева.

Ымыркай аман, абалы канааттандырарлык, үйүнө чыгарылган.