Бишкекте 22 жаштагы кызды уурдоого шектелген жигит кармалып, камакка алынды

Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИБден билдиришти.

17-апрелде саат 17:10 чамасында Бишкекте тигүү цехинин жанынан кыз кишинин уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция уурдалган кыздын 2000-жылы туулгандыгын аныктаган. Уурдады делген жигит анын чала таанышы болуп чыккан.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1996-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.