Бишкекте 23 жаштагы жигит 7-кабаттан секирүүгө аракет кылды (видео)

Кечээ, 31-март күнү Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан 23 жаштагы жигит секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жогорудагы жигитти аман-эсен жерге түшүрүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Куткаруучулар аталган жаранды куткаруу үчүн жөнөкөй жарандын кийимин кийип, сүйлөшүүгө көндүрүп анан сактап калышкан.

 ё