Бишкекте 23 жаштагы жигит бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө белгисиз жаран бычакталып жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, 2001-жылы туулган жаран бычактан алган жаракатынан улам өзүнө келбей, Тез жардам унаасында каза болгонун аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам жаан тергөө иш-чараларынын жүрүшүнтүдө, борбордук милициянын ыкчам кызматкерлер тарабынан, 1992-жылы туулган шекү аныкталып, кармалган. 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.