Кечээ Бишкекте 2 жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

Бишкектин Морозов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырында 1998-жылы туулган жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар жеткенге чейин жигит ИИМдин кызматкерлери тарабынан аман-эсен түшүрүлгөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Ошол эле райондогу Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган бала секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Натыйжада ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аны өз өмүрүн кыюудан сактап калышты. Жерине 5 куткаруучу тартылган.