Бишкекте 25 жаштагы жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

Бишкектин Айтматов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде каналдын ичинде 1998-жылы туулган жигит бычак кармап алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Ал жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан 2 кызматкер, ИИМ кызматкерлери, Тез жардам кызматы жана туугандарынан 2 адам тартылган. Куткаруучулар туугандары менен биргеликте жогоруда аталган адамды өз өмүрүнө кол салуудан сактап калышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.