Бишкекте 24 жаштагы кыз унаа айдап качууга шектелүүдө

Бишкекте унаа айдап качууга шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда милицияга 1996-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде белгисиз жаран Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаасын айдап, качып кеткенин жазган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Милициянын кайгуул кызматы унааны саат 02:40 чамасында кыз киши уурдаганын аныктаган. Кылмышка шектелип 1997-жылы туулган кыз кармалып, Свердлов РИИБге өткөрүп берилди.