Бишкекте 25 жаштагы кыз киши колдуу болду. Кылмышка шектүү жигит өзүнө кол салып, комада

Бишкекте 25 жаштагы жигит кыздын мойнуна бычак сайып, кийин өзү да мойну кесилген абалда ооруканага түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти.

4-майда Свердлов РИИБге Чүй проспектисинде жайгашкан батирде жигит кызды өлтүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция 1997-жылы туулган жигит кызганычтан улам 1997-жылы туулган кыздын мойнуна бычак сайганы аныкталган. Андан кийин болжолдуу жигит да мойнуна бычак сайган. Тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жаткан жолдо кыз алган жараатынан каза болгон, ал эми шектүү комада. Учурда аны конвойлор кайтарып жатат.