Бишкекте 26 жаштагы жигит 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

Милиция кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-августта Октябрь РИИБге аял киши арыз менен кайрылган. Ал кызматкерлерден 27-августта саат 23:00 чамасында Алтын-Ордо конушунда 2003-жылы туулган жашы жете элек кызды унаада күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган жигитке чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 162-беренеси (эркине каршы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин криминалдык милициянын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жигит кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан бөгөт чарасы каралып, СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.