Бишкекте 26 жаштагы жигиттин унаасынан баңгизат табылды (видео)

Бишкекте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

3-ноябрда Бишкек ШИИБдин “102” кызматына белгисиз адам унаада баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Биринчи Май РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү 1997-жылы туулган жарандын Honda-Civic үлгүсүндөгү унаасынын ичинен текшерүү учурунда ак кагазга оролгон, жалпы салмагы 140 граммды түзгөн 9 даана кара куурай табылган. Тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.