Бишкекте 28 жаштагы кыз унаасы менен жүргүнчүнү сүзүп, из жашырып кеткен

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 17-октябрында саат 10:00 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Ажыбек Баатыр көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1940-жылы туулган жаран жабыркап, №4-шаардык ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын 1993-жылы туулган айым айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткиришти.