Бишкекте 3 адамдын киши колдуу болгону айтылууда

Кечээ, 16-февралда Бишкекте 3 адамдын өлтүрүлгөндүгү тууралуу бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга караганда, окуя 5-кичи райондо катталган. “Аял киши, өспүрүм кыз жана бала киши колдуу болгон. Шектүүлөр кармала элек”, — деп жазышты.

Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.