Бишкекте 3 адамдын өлүмүнө шектелген жарандын бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү 16-апрелге чейин СИЗО-1де камакта болот.
16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.