Бишкекте 3 жигит унаа айдап качып, жол кырсыгына кабылышкан

Бишкекте унаа айдап качууга шектелген 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-сентябрда шаар тургуну милицияга кайрылып, унаа жуучу жайда бир нече жигит Тойота үлгүсүндөгү унаасынын салонун тазалап берүүнү убада кылып, айдап качып кетишкен. Аталган факты РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 206-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кызматкерлер тарабынан кылмышка шектелип, 20, 16, 17 жаштагы 3 жигит кармалды. Уурдалган унаа Сокулуктагы жол кырсыктан кийин талкаланган абалда табылган.