Бишкекте 3-кабаттан кулап кеткен 6 жаштагы баланын абалы айтылды

Бишкекте 3-кабаттын терезесинен кулап кеткен бала үйүндө жалгыз болчу. Бул тууралуу Сереп Медиага Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-апрелде саат 10:42 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйдүн терезесинен бала кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери 6 жаштагы бала 3-кабатта жайгашкан батирдин терезесинен кулап кеткенин аныкташкан.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, балага биринчи жардам көрсөтүлгөн. Ал №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Бул факт боюнча «Коркунучтуу абалда калтыруу» беренеси менен иш козголгон. Алынган маалыматтарга караганда, бала кулап кеткен учурда үйдө эч ким болгон эмес.

Дарыгерлердин  айтымында, жабырлануучунун эч жери сынган эмес, абалы туруктуу, учурда текшерүүдөн өтүп жатат.

Териштирүү иштери жүрүүдө.