3-класстын окуучусу Бишкектеги аквапарктардын биринде чөгүп каза болду

Бүгүн, 6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

«Бүгүн саат 11:13тө бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 11:27де «Тез жардам» кызматы барганда бала суунун үстүндө калкып калган. Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралардын баары жасалган. Баланын каректери чоңоюп, өпкөсү сууга толгон абалда болгон. Тилекке каршы, кылган аракеттен майнап чыккан эмес. Баланын аты-жөнү такталып, №95-мектептин 3-классынын окуучусу экендиги аныкталды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.